Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

ЕВРОБИРИМДИК ГАЗАДАГЫ ҮЙЛӨРДҮН ТАЛКАЛАНЫШЫН СЫНГА АЛДЫ


Бурулкан Сарыгулова, Прага Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдө өткөн Брюссел отурумунда Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларды сынга алды. Европа Биримдигинин мындай билдирүү менен чыгышына Израил аскерлеринин Газа тилкесиндеги имараттарды бузуп-талкалашы түрткү болду. Билдирүүдө ошондой эле палестиндиктер тарабынан жасалган акыркы террордук чабуулдар да сынга алынды.

Акыркы маалыматтар боюнча, шейшембиде Израил аскерлери Газа тилкесиндеги имараттарды булдезерлер менен түрттүрүүнү улантты. Анын натыйжасында миңден ашык палестин үй-жайсыз калды.

Израилдин мындай кылганын буга чейин АКШ өкмөтү сынга алган. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан операциянын токтотууну талап кылган. Ал эми Европа Биримдиги Жакынкы чыгышка байланыштуу кабатыр пикирин акыркы эки айда биринчи эле ирет билдирип жаткан жок. Буга чейин ХАМАС тобунун эки лидеринин атып өлтүрүлүшү да сынга алынган.

Евробиримдиктин тышкы саясат тармагынын башчысы Ховьер Солана тышкы иштер министрлеринин отурумунун соңунда билдиргенине караганда, Израилдин аракети эл аралык нормаларга кайчы келет жана Израил-Палестин чатагын жөнгө салуу иштерине тоскоол болот:

- Биздин оюбузча, имараттардын талкаланышы эл аралык укуктарга төп келбейт жана бул Газа тилкесине байланышкан максатка, тынчтык процесске карай жаңы кадамга туура келбейт.

Израил болсо өз аракетин терроризмге каршы күрөш менен байланыштырууда. Маселен, аскерий өкүл Шэрон Фейнголддун айтымында, операциялар курал ташуу жолуна айланган тунеллдерди талкалоо максатын көздөйт:

- Биз Рафахта Газа тилкесине жашыруун курал ташуу үчүн туннелдерди пайдаланган террордук түзүлүштөрдү жок кылуу максатында иштедик. Бул куралдар израилдиктерге каршы пайдаланылат.

Ал эми палестин тарап Израил аракетин палестиндиктерди өлтүрүүгө багытталган операция катары баалап, эл аралык уюмдардан сабак болорлук иштиктүү чечим кабыл алууну талап кылууда.

- АКШ өкмөтү, Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бул окуяны сынга алды, - дейт эмгек министри Гасан Хатиб, - Бирок биз эл аралык уюмдардан, Улуттар Уюмунан палестиндиктерди өлтүрүүгө жана жана алардын үйлөрүн талкалоого багытталган Израилдин мындай өнөктүгүн токтоткудай зарыл чараларды кабыл алууну талап кылабыз.

Ал эми Европа Биримдигинин аты аталбаган өкүлүнүн “Азаттыктын” кабарчысына айткан пикирине караганда, башкы оюнчуларды ынандыргыдай чечкиндүү чараларды кабыл алууга уюмда ынтызарлык жетишпей жатат.

Бирок Хавьер Солана кечээ Жакынкы Чыгышта курчуган кырдаалды жайгаруу жана тынчтык орнотуу процессин жолго коюу аракеттери жүрүп жатканын белгиледи. Өз сөзүн Солана Палестин жетекчилиги менен жолугушууларга байланыштырды.

Палестин өкмөт башчысы Ахмед Керей Солана менен жолукканга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл, АКШ президентинин коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен ой бөлүшкөн.

Кондолиза Райстын билдиргенине караганда, АКШ Палестинанын көз карандысыз мамлекет катары түзүлүшүн жактайт. Бирок ал үчүн автономиянын саясий жана экономикалык түзүлүшү тың, ишенимдүү болушу керек. Ушул эле көз-карашты сап кармаган Европа Биримдиги эл аралык уюмдарды Палестин өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө чакырып келет.

АКШ менен Палестин өкмөтүнүн ымалага келишинде Евробиримдиктин салымы бар. Уюмдун өкүлдөрү ушундай ишенимдерин билдиришүүдө. Айрыкча, АКШнын Израил планын бир тараптуу колдогон акыркы билдирүүсүнөн кийин төртүлүктүн алкагында бул аракет айрыкча жанданган.

Евробиримдик ошондой эле Газа тилкесине байланышкан Израил планына Палестин тарап да теңата катышыш керек экенин белгилеп келет. Мындан тышкары уюм тынчтык орнотуу багытында Египеттин Израил менен радикалдык ХАМАС тобун кепке тартуу демилгесин жактырат. Бирок Газадагы акыркы аракеттер бул дымакты суутуп койду.
XS
SM
MD
LG