Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

"Улуттук конгресс" партиясы өкмөт курууну талкуулап жатат


Жакындагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен "Улуттук конгресс" партиясынын лидери Соня Ганди кечээ премьер-министрдин кызматына барбасын жарыялаган эле. Кабарларга караганда, ал өз ордуна партиялашы, мурдагы каржы министри, өлкөдөгү реформалардын архитектору деп эсептелген Манмохан Сингхти сунуш кылууда. Бирок "Улуттук конгресс" партиясынын активисттеринин бири Салман Куршиддин айтымында, көпчүлүк Соня Гандинин гана премьер-министр болушун каалайт:

- Ал моралдык жүйөөлөрдү жетекчиликке алды, биринчи орунга өлкөнүн кызыкчылыгын койду. Өлкөгө дагы бир жаңжалдын кереги жок деп эсептегендиктен ушундай чечимге барды. Бирок калк жана биздин партия муну кабыл албайт.

Теги боюнча италиялык Соня Гандинин премьер- министрлик кызматка келишине оппозиция же бийликтен кетип жаткан премьер-министр Атал Бихари Важпаинин Бхаратия Жаната партиясы нааразы болгон.

XS
SM
MD
LG