Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Иракта бүгүн америкалык аскердин үстүнөн сот башталат


Бүгүн иши аскерий сотто каралуучу Жереми Свитс - Ирактын "Абу-Грейб" түрмөсүндөгүлөрдү кордогону үчүн айыпталып жаткан америкалык аскерлердин алгачкысы. Сот жараяны АКШ баштаган коалициялык администрациянын Багдаддагы кеңсесинде ачык өтүп, журналисттердин катышуусуна жол берилет.

Айыпталып жаткан аскердин эгер күнөөсү далилденсе, ал эң көп дегенде 12 айга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремердин билдиргенине караганда, өлкөнүн Башкаруу кеңешинин жетекчиси өлтүрүлгөнүнө карабай, бийлик жергиликтүү өкмөткө мурда белгиленген убакытта өткөрүлүп берилет. Башкаруу кеңешинин жанкечти жасаган жардыруудан курман болгон жетекчиси Иззадин Салим кечээ акыркы сапарга узатылды.

АКШ Түштүк Кореядагы жоокерлеринин 4 миңдейин Иракка алып келгени жатат. Өлкөнүн коргоо министринин орун басары Пол Вулфовицтин айтымында, бул – аскерлерди кайра жайгаштыруу боюнча пландын бир бөлүгү жана Ирак азыр кошумча күчкө муктаж:

- Биздин душмандар алдыдагы бир, бир жарым жыл Ирак үчүн чечүүчү экенин билишет. Себеби бул мезгилдин аралыгында Ирактын коопсуздук күчтөрү түзүлүшү, 40 жылга созулган эзүү менен кыйноолордон соң жаңы бийлик шайланышы керек.

Мунун арылыгында Ирактын Кербала шаарында шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын согушкерлери менен америкалык аскерлердин кечээги кагылышууларында, күбөлөрдүн маалыматына караганда, сегиз согушкер мерт болуп, ону жаракат алган.

XS
SM
MD
LG