Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

ОППОЗИЦИЯНЫ АҢДЫГАН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ, АЙЫПКА ЖЫГЫЛГАН КОРРУПЦИЯ, ӨКМӨТ БАШЧЫНЫ ЖАКТЫРБАГАН ДЕПУТАТТАР


«Арнамыс» партиясынын жолбашчысы Феликс Кулов күч кызматы кылмышкерлерди издеп, коопсуздукту камсыз кылууга караганда бийликке каршы сөз айткандарды жаманатты кылуу менен алектенип, саясий оюндун куралына айланып калганын ырастады. Мыкты чарбакер деп макталган Ысыккөл облусунун мурунку жетекчисине бюджеттик акчаларды максатсыз пайдаланды деген айып коюлууда.

«Арнамыс» партиясынын жолбашчысынын редакция жөнөткөн суроолорго берген жообун шейшембидеги «МСН» гезити жарыялады. Ф.Куловдун ырасташынча, күч органдарынын ишине президенттик администрациянын ыксыз кийлигишүүсү азыркы абалга алып келди. Кылмышкерлер менен күрөшүү, сырткы коркунучка даяр турууну талап кылуунун ордуна администрациянын тийиштүү бөлүмү күч министрлик кызматкерлеринен оппозицияга каршы материал топтоо, артынан аңдуу милдетин койгон. Ошондон улам өз ишин мыкты аткарчу кызматкерлер саясий тыңчылык иштерди жасашка мажбур. Айрым кызматкерлер кылмышкерлер менен жанашып, коомго чоң коркунуч келтирчү күчкө айланды, деп белгилейт Феликс Кулов.

Башкы прокуратуранын маалыматына ынансак, кийинки мезгилде 284 адамга кызматынан кыянат пайдаланган деген айып коюлган. Ысыккөл облусунун мурунку жетекчиси Э.Анапияевдин бюджеттик акчаларды мыйзамсыз пайдаланганы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, анын натыйжасында облустун социалдык өнүгүшүнө жумшалчу 2,3 миллион сом кайтарылды, деп жазат Геннадий Кузьмин «Башталды» деген макаласында "МСНде". Автордун ырасташынча, облустун мурунку жетекчиси Көлгө кире бериште машине жол тоскучун курдурганда, Семенов капчыгайында кышкысын эс алуучу жайды салдырганда андан эч ким айып тапкан эмес. Капчыгайдагы лыжа базасынын ачылышына президент А.Акаев өзү катышып, лента кескен. Анан эмнеликтен жакшы чарбакер катары макталып келген жетекчи айыптуу болуп чыга келгени түшүнүксүз, деп белгилейт макала автору.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Александр Карпасов менен Бакыт Керимбеков палата отуруму өтчү залга журналисттерди киргизбөө тууралуу сунуш киргизишкендерин шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Эки депутаттын айтымында, журналисттер залда айтылган сөздөрдү угуп, кимдин кандай отурганын көрүп коюшат экен.

Кылмышкерлер менен чындап күрөшүүгө киришкен милиция кызматкерлери Чүй облусунун тоо арасындагы шектүү жайларды - ээн короо-сарайларды, үңкүрлөрдү кылдат текшерүүгө алышканын ушул эле гезит маалымдайт. Кылмыштуу топтор тоо арасын убактылуу баш калканч кылып, жашыруун жайына айлантып алышкан.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын өкмөт башчы Николай Танаевди кызматтан алып түшүү аракети ишке ашпай калганын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазды. Журналист Кубан Мамбетовдун жазганына ынансак, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча өкмөт колунан келишинче иштеп жатат. Бирок да каражаттын жетишсиздигинен кыйла жумуштар бүткөрүлбөй калууда. Өкмөт бул максатка деп 309 миллион сом бөлүп, эларалык уюмдардан 20 миллион доллар карыз акча алууну көздөөдө.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин кызматтан кетишин талап кылган депутаттар кандай максатты көздөшкөнүн шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде Догдурбек Юсупов момундайча чечмелейт. Непадам, Н.Танаев кызматынан кетсе парламент депутаттары президент сунуш кылган жаңы талапкерди өткөрбөй коюшат. Кырдаал кыйын жагына оогондо, оппозиция өз өкүлүн өкмөт башчылыкка көтөрүп чыгат. Президент ага макул болбой, ортодо тирешүү чыгып, жыйынтыгында парламент таркатылат. Д.Юсуповдун болжолунда, оппозицияга ушул эле керек, демократия кысмакка алынып жатат деп дүйнөгө чуу салганга себеп табылат. Андай эле кыйын болсо оппозиция экономикалык оор жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтүп бербейби, деп жазат автор.

Кыргызстанда саясий партиялардын саны күндөн-күнгө арбып баратканына Папан Дүйшөнбаев «Саны эмес, сапаты керек» деген макаласында токтолгон. Автордун айтымында, экен-токондо билдирүүлөр менен гана чыгып келаткан араңжан партиялар биригиши лаазым.

Адабиятчы Садык Алахандын Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыштын чыгармачылыгын баяндаган «Беш молдо» монографиясы тууралуу Мундузбек Тентимишевдин рецензиясы да гезиттин жаңы санында жарыяланган.
XS
SM
MD
LG