Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ МАМДЕПТИН ОТЧЁТУНДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шейшемби күнү АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык отчёту жарыяланды. Анда дүйнөнүн 92 өлкөсү менен катар, Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы тууралуу маалымат берилип, бул жаатта кыргыз бийлигинин аракети сынга алынган.

АКШнын мамлекеттик департаментинин жылдык докладында өзгөчө көңүл мурдагы совет биримдигине кирген өлкөлөргө бөлүнгөн. Отчётто постсоветтик өлкөлөрдө адам укугу бузулган олуттуу фактылар бар экендиги айтылып, соңку мезгилдери бул өлкөлөрдө авторитардык бийликтин чыңдалышына каршы жарандык коомдун ачык жанданып жаткандыгы белгиленген. Ага мисал катары Грузиядагы «Жибек төңкөрүшү» келтирилген.

Отчётто Кыргызстан тууралуу да өзүнчө маалымат берилген. Анда кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылы жана 2004-жылдын соңку төрт айындагы адам укуктары жаатындагы аракеттери канааттандырарлык эмес деп табылып, бул убакытта кыргыз бийлиги тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендиги айтылган.

Адам укуктарынын бузулушуна мисал катары Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан карапайым атуулдардын ур-токмокко алынышы, түрмөлөрдөгү оор абал, соттордун аткаруу бийлигине көз карандылыгы айтылган. АКШнын мамлекеттик департаментинин отчётуна пикирлерин сурап кыргыстандык бир катар саясатчыларга кайрылдык.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «башкасын айтпаганда да Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү абал оор бойдон калууда» дейт:

-Бүгүнкү күнү түрмөлөрдөгү абал абдан өкүнүчтүү. Мисалы, учурда өлүм жазасына тартылган 160 адам бар. Алардын ар бири өзүнчө бөлмөдө турушу керек. Бирок алтыдан, сегизден адам бир бөлмөдө отурат. Мындан тышкары дагы бир маселел. Эки жыл мурда мамлекет башчы Аскар Акаев сотторго элдин сексен пайызы ишенбей калгандыгын айтты эле. Мен бүгүнкү күнү сотторго кыргыз элинин токсон тогуз пайызы ишенбейт деп айта алам.

Чындыгында эле соңку мезгилдерде Кыргызстандын сот бийлигине коомчулуктун ишенбей калгандыгы тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов да «Азаттык» радиосуна берген маегинде мындай деген эле:

- Сотторго элдин ишеними кете баштаган жок. Тагыраак айтканда, сотторго элдин ишеними кеткен.

АКШнын мамлекеттик департаментинин жылдык отчётунда Кыргызстанда 2003-жылдын февраль айында өткөрүлгөн референдум одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мамлекет башчынын жеке бийлиги чыңдалып, парламент жана Конституциялык соттун ыйгарым укуктары алсыратылгандыгы баса көрсөтүлгөн.

Кыргызстандык айрым саясатылардын пикиринде, АКШнын жогорудагыдай пикиринен кыргыз бийлиги эч кандай жыйынтык чыгарбайт. Бул тууралуу «Кыргызстан коммунистери» партиясынын башчысы Апсамат Масалиев мындай дейт:

- АКШнын мамлекеттик департаменти бизди сындайт. Алар туура сындайт. Ошондой болсо да алар Кыргызстанга келгенде негедир ал пикиринен баш тарткандай, кыргыз бийлигине эч кандай таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан Кошмо Штаттардын департаментинин бул жолку сынынан кандайдыр бир жыйынтык болот деп айтуу кыйын.

Сырттан байкаган адамга сонку учурда кыргыз бийлиги адам укугуна жана жарандык коомдун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бургандай сезилет. Маселен, мамлекет башчы Аскар Акаев тарабынан «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө» деген ураан көтөрүлүп, коррупция менен күрөшүү максатында «Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш» түзүлдү. Ошондой эле адам укугун коргоо максатында «Демократиялык коопсуздук кеңеши» түзүлүп, «Демократиялык кодекс» иштелип чыкты.

Бирок саясатчылардын айтымында, Кыргызстанда кадам сайын адам укуктары бузулган фактыларды кездештирүүгө болот. Азыр чет өлкөдө жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин айтымында, Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги эл аралык коомчулукту, карапайым кыргыз элин алдап, келечекте да бийликте калуу максатын көздөөдө. Ошондуктан жогорудагыдай ишке ашпаган ураандарды чакыруу менен алектенүүдө:

- «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө» деген ураан да, "Демократиялык кодекс" да, башкаларынын баары да жалган. Алар элди алдоо үчүн, чет элдиктерди алдап, алардан колдоо алуу үчүн жасалууда. Аскар Акаев өмүр бою калп айтып келетат. Анын айтканына ишенсек, Кыргызстанда эркин гезиттер жабылган жокпу, Кулов камалган жокпу, канча журналисттер камалган жокпу?! Ошондой эле, Кыргызстандын аткаруу бийлиги өлкөдөгү теле, радио, гезиттерди жалаң калпка үйрөтүүдө.

АКШнын мамлекеттик департаментинин Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу маалыматына жана укук коргоочунун мамлекет башчысы тууралуу пикирине президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев жооп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG