Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:43

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН МАДАНИЙ КЕЧЕСИНИН «САЯСИЙ ӨҢҮТҮ»


Төрөкул Дооров, Москва Дүйшөмбү күнү Москвада окуган кыргызстандык студенттердин кезектеги маданий кечеси өттү. Бул жолку кече буга чейинкилеринен кескин айырмаланды.

Негизи, Орусиянын борбор калаасы Москвада окуп же иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктар мезгил-мезгили менен чогулуп, маданий кечелерди өткөрүп турушат. Бул демейдеги эле көрүнүш болуп калды. Маданий кечелерге келип жаткандардын башкы максаты – жердештер менен таанышып, бирге убакыт өткөрүү, көйгөйлөр болсо, аларды талкуулап, бири-бирине жардам берүү. Бирок бул жолку кече саясий маани-маңызы менен буга чейинкилерине окшошкон жок.

Бул тууралуу кечеге келгендердин бири төмөнкүдөй ою менен бөлүштү.

- Мен - Жаныбек уулу Залкар, Москвада жети жылдан бери жашайм. Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде окугам. Өзгөрүүлөр тууралуу айтаарым: мурдагы кечелерде чогулуп жүргөн жерибиз такыр башкача болчу. Алгач, кайсы бир окуу жайлардын залдарында, же арзан клубдарда отурчубуз. Анткени баардык чыгашаны өзүбүз, студенттер мойнубузга алчубуз. Бул жолу баары бекер, анын үстүнө клуб да кең, жакшы экен. Атайын кечелерди уюштуруучу демилге топ түзүлгөн. Интернеттен кабар алып турабыз.

Маданий кечеге жумшалган чыгашаны «Алга, Кыргызстан» саясий партиясы жана Москвадагы кыргыз диаспорасы мойнуна алышты деген кабар таркатылды. Мындай кечелер эми жалаң эле студенттерге эмес, кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн да уюштурула тургандыгы айтылды. Ушундан улам, Москвадагы кыргызстандык мигранттардын абалын жакшыртуу түйшүгүнө саясий партиялар да кызыга башташкан го деген ой пайда болду. Андыктан, биринчи эле суроо менен «Алга, Кыргызстан» партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Зоотбек Кыдыралиевке кайрылдым.

- Москвадагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу максатында сиздердин «Алга, Кыргызстан» партиясы кандай иштерди жүргүзө алат деп ойлойсуз?

- Азырынча партия бул боюнча иш жүргүздү деп айта албайм. Бирок менин оюмча, мигранттарга шарт түзүш керек. Ошондуктан, алгач Москвага келип, мигранттардын абалы, алардын көйгөлөрү менен жакындан таанышуу үчүн биз Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуштук, пикир алмаштык. Азыр деле жаштарды топтогондогу максат алардан алдыдагы парламенттик шайлоодо колдоо күтүү эмес, тетирисинче, жаштардын проблемаларына кайрылалы деген гана ой.

Ошол эле учурда, аталган партиянын дагы бир өкүлү сахнада жасаган саясий чакырыгы менен Зоотбек Кыдыралиевдин сөздөрүн такыр четке кагып салды:

- Биз эмне максат менен келдик? -деп сөзүн баштады партиянын өкүлү. - Албетте, ушул тапта жаштардын көңүлүн өзүнө бурууну каалаган саясий партиялар көп. Бирок биз - «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү кезинде Москвада окуп кеткен студенттербиз. Андыктан сиздердин проблемаңыздарды мыкты билебиз. Аларды чечүү үчүн сиздер менен байланышка чыгалы деп келдик. Бул максатта Орусиядагы эң кубаттуу «Бирдиктүү Орусия» саясий партиясынын жетекчилиги менен жолугушуп, анын тажрыйбасын уктук. Биздин партия – Кыргызстандагы эң жаш партия. Түзүлгөнүбүзгө жарым жыл гана болгонуна карабастан, биз көп иштерди аткардык – керек болсо, Москвага чейин жетип келдик! Ошондуктан, сиздерди да бизге жардам берүүгө чакырабыз. Бизге жардам бериңиздер, кеңеш бериңиздер! Биз да сиздерге колдон келишинче жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз!

«Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн мындай сөздөрү топтолгондордун көпчүлүгүн таң калтырды. Анткени бул чакырык Кыргызстанда келээрки жылга белгиленген парламенттик шайлоонун өнөктүгүн эмитен эле баштап жибергендей туюлду.

Кантсе да, бул кечени көпчүлүк саясий эмес, маданий жыйын катарында баалайт. Уюштуруучулардын бири - Чолпон Токтоналиева. Ал Кыргызстанда жашайт. Кызы Москвада окугандыктан, тез-тез келип турат:

- Мен Москвага келгенде, студенттер «эч кандай жердештик кечелер өтпөйт, эч ким уюштурбайт» деп арыздашканынан, ушул ишти баштоону туура көрдүм. Былтыр үч ирет студенттер менен кечелерди уюштурдук. Мен – энемин. Менин оюмча, ушул тапта жаштарды толук колдоого алуу зарыл.

Чолпон Токтоналиевага айрым суроолоруд узаттым:

- Мынакей, сиз эки жылдан бери ушул өңдүү кечелерди уюштуруп келатасыз. Эң алгачкы кече менен бүгүкү кеченин ортосунда кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз? Маданий иш-чараларга болгон кызыгуу жаштар арасында кандай деңгээлде деп ойлойсуз?

- Өзгөрүүлөр чоң. Алгач бул иштерге студенттер гана киришкендиктен проблемалар да көп болучу. Анын үстүнө, көпчүлүк жаштар мындай иш-чаралардын өтөөрүн укпай деле калышчу. Эми бул ишке бир катар уюмдардан да кызыгуу арта баштаганын сезип жатабыз. Жаштардын арасында биримдүүлүк пайда болуп, мекендештик сезими күчөдү. Бул өзгөрүүлөр мени аябай кубантат.
XS
SM
MD
LG