Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Ереванда коргоо министрлеринин жыйыны өтөт


БИШКЕК. 21-майда Ереванда КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлер кеңешинин жыйыны болот. Ага Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев катышат. Бул тууралуу бүгүн коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жыйында аскерий-саясий жана аскерий-техникалык кызматашууга байланыштуу жыйырмага жакын маселе каралат. Техникалык багыттагы негизги маселелердин бири - “КМШ мамлекеттеринин аймагында абадан кол салууга каршы” комплекстик долбоор. Ошондой эле КМШнын аймагында өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине көңүл бурулат. Жыйындын соңунда Армениянын президенти Роберт Кочерян жыйынга катышкан коргоо министрлерин кабыл алышы күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG