Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

"Камкордун" аманатчыларын каржы министринин орун басары кабыл алды


БИШКЕК. “Камкор” компаниясын каржы министрлиги атайын күч менен банкротко учуратууну көздөөдө. Компания ишмердүүлүгүн улантып кетишине колдоо көрсөтөбүз. Мындай пикирлерин бүгүн “Камкор” компаниясынын аманатчылары каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев менен болгон жолугушууда билдиришти. Бул жолугушууга "Камкордун" мурдагы жетекчиси Богданов да катышып, аманатчыларды сабырдуулукка чакырды. Эмирлан Төрөмырзаев "Камкордун" акционерлери компаниянын жанданып иштеп кетишине тиешелүү өлчөмдөгү акча төлөп бере албастыгын айтып, компания банкрот болуу коркунучунда экендигин маалымдады.

"Камкор" компаниясынын аманатчылары шейшебиде каржы министрлигинин имаратына пикетке чыгышып, нааразылыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG