Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Акыйкатчы депутаттыкка ат салышат


БИШКЕК. "Эгер Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны акыйкатчы институтунун иштеши үчүн жеткиликтүү акча бөлүп бербесе, эмдиги жылы парламенттик шайлоого катышам" деген билдирүүнү бүгүн акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусу боюнча, акыйкатчы институтунун натыйжалуу иштеши үчүн каражат жетишпей, кызматчылар болсо түшкөн арыздарды иликтөө үчүн жер-жерлерге командировкаларга барууга мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Каражат жетпегендиктен акыйкатчынын жер-жерлердеги өкүлдөрү да натыйжалуу иштей албай, Турсунбай Бакир уулунун өзүнө нааразы болушууда.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын акыйкатчылыгына 2002-жылдын октябрь айында беш жылдык мөөнөт менен шайланган.

XS
SM
MD
LG