Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Элчилерди төрагалар кабыл алды


БИШКЕК. Коррупцияга байланыштуу проблема бардык мамлекеттерде бар. Ага каршы натыйжалуу күрөшүш үчүн күчтүү мыйзамдык-нормативдик база керек. Мындай пикирин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө Словениянын элчиси Жане Ленарчич бүгүн Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана палатанын бир катар депутаттары менен болгон жолугушууда билдирди.

ЕККУга мүчө мамлекеттин элчилери менен жолугушууда А.Бөрүбаев “ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизүүдө. Уюмдун консультативдик-эксперттик тажрыйбасы республикада саясий, укуктук жана демократиялык багытта реформалоого зор жардамын берүүдө" деп билдирди.

Ушул эле күнү ЕККУга мүчө мамлекеттердин элчилерин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары жана митинг тууралуу мыйзамдын аткарылышы, мамлекеттик жетекчилердин кирешелеринин декларациялык маалыматтары, тартип коргоо системасындагы реформа, Өзбекстан менен чек ара маселеси талкууланды.

ЕККУнун өкүлдөрү Кыргызстанда келээрки жылы болуучу парламенттик жана президенттик шайлоолор мыйзамдын чегинде так жана акыйкат өтүшү керек деген пикирлерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG