Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

ЧАЛАБИГЕ МЫНДАН АРЫ АКЧА БЕРИЛБЕЙТ


Баян Жумкадыр кызы, Прага шаары Президент Жорж Буштун администрациясы Ирактын Улуттук конгресси деп аталган саясий топту каржылоону токтотууну чечти. Сүргүндөгү ирактыктардан турган бул саясий топ АКШдан төрт жылдан бери миллиондогон доллар жардам алып, ага жооп иретинде Американын администрациясына Саддам Хусейиндин режими жөнүндө мааламат берип турган.

Өткөн төрт жылдын ичинде Америка Кошмо Штаттары сүргүндөгү ирактыктардан турган Ирактын Улуттук конгресси деген топко Саддам Хусейиндин режими жөнүндө жашыруун маалыматтарды берип турганы үчүн ондогон миллион доллар акча берген. Каржылоо ай сайын 335 миң доллар өлчөмүндөгү төлөмдөр менен жүргүзүлүп турган.

Саддам кулатылганга чейин топ режимдин жашыруун курал программалары жөнүндө маалымат берип, диктатор кулатылгандан кийин Ирактын оккупациясын кандайча ишке ашыруу жөнүндө кеп-кеңештерин айтып, америкалык оккупацияга каршы чыгып жаткан күчтөрдү ашкерелегенге көмөктөшкөн.

Бирок Ирактын Улуттук конгрессине карата Буштун администрациясынын мамилеси бир кылка эмес. Сүргүндөгү оппозицияга болгон мамиленин начарлашына Иракта кыруучу куралдардын табылбаганы, ирактыктардын кыйла бөлүгүнүн оккупацияга куралдуу каршылык көрсөткөнү себеп. Өзгөчө кескин сын Ирактын Улуттук конгрессинини төрагасы Ахмад Чалабинин дарегине айтылууда.

Ирактан жаш кезинде эле чыгып кетип, чет өлкөдө жашаган Ахмад Чалаби тууралуу Американын көп жылдардан берки каржысынын арты менен ири байлык топтоп алды деген айың-кептер бар. Хусейиндин бийлиги кулатылаган соң Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп шайланган Чалаби өмүрүнүн көп бөлүгүн, тактап айтканда, 50 жылдайын чет өлкөдө өткөргөн.

Чалаби АКШнын коргоо министри Доналд Расмфелддин колдоосуна ээ, бирок ага мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин анчейин ишене бербегени айтылып жүрөт. Кезинде президент Буш Пауэллдин кеп-кеңешин укпай, Иракка азыраак аскер менен басып кирген. Эми президенттин ошондо Пауэллдин кеңешине кулак салбай, Чалабинин тилин алганы олуттуу жаңылыштык болгону ашкереленип отурат.

Буштун администрациясы Чалаби баштаган топко финансылык жардам берүүнү токтотуу чемине келгенин АКШнын коргоо министринин орун басары Поль Волфовиц АКШ сенатынын тышкы байланыштар боюнча комитетинде сүйлөгөн сөзүндө ырастады:

- Бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилген соң жеке менчик саясий уюшманы каржылоону улантуу туура эмес болор эле.

Американын Коргонуу маалымат борборунун серепчиси Марк Бургесс Чалаби баштаган топко ого эле көп ишенип отуруп, азыркы ахвалга келгени үчүн АКШ администрациясы өзүн гана күнөөлөшү керек деп эсептейт. Ошону менен бирге эле Бургес саясий реалдуулук башкача болуп чыкканын аңдаган Буштун администрациясы Чалабиден эми эртелеп кутулууну көксөп жатканын кошумчалайт:

- Чалаби чоңойгону таш боор дүйнөдө жашады. Ал жеке пайданы самап саясат жүргүзүү эмне экенин жакшы түшүнүшү керек. Чалабиден эптеп кутулуу - учурдагы ахвалды жакшыртуунун айла-амалы экенин саясатчы аңдоосу керек.

Ал эми Нью-Йорктук серепчи, Жакынкы Чыгыш Форуму деген институттун кызматкери Жудит Киппер Волфовиц берген түшүндүрмөнү колдоп, Ирактын өкмөтү бийликке келген соң АКШ Чалабинин тобун колдой албай кала турганын айтат:

- Өздөрү өкмөт түзгөн соң өлкөнү ирактыктарга таштап кеткени жатабыз. Aндай болгондо АКШ кайсы бир саясий топко көмөк көрсөтүүгө укуксуз болуп калат.
XS
SM
MD
LG