Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Багдад абагындагы мазактоолорго катышкан солдат кесилди


Багдаддын "Абу Грейб" түрмөсүндөгү туткундарды кыйноого катышкан америкалык солдаттардын бири - Жереми Сивиц - кечээ күнү аскерий сот тарабынан соттолуп, бир жылга эркинен ажыратылууга кесилди. Вашингтон шаарында болсо америкалык Сенаттын тышкы иштер боюнча комитети Ирактагы америкалык аскерлерди башкарган генералдар Жон Абизэйд, Рикардо Санчес жана Жеффри Миллерди суракка алды жана генералдар түрмөдөгү мазактоолор үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алды. Бирок кыйноо ыкмаларын колдонууга эч качан буйрук бербегени тууралуу айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG