Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

ЦЕМЕНТТИН БААСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫМБАТТАДЫ?


Акыркы бир айдын ичинде Кыргызстанда цементтин баасы эки эсеге өстү. Цемент кымбаттаган соң, андан жасалчу шифердин да наркы көтөрүлүп, бул - жалпы курулуш иштерине өз таасирин тийгизди. 19-майда Мыйзам чыгаруу жыйынында депутаттар менен өкмөттүн өкүлдөрү цементтин баасы эмне үчүн кымбаттап жатканына жооп табууга аракет кылышты. Алар өлкөдө цементти жалгыз гана чыгаруучу болуп эсептелген монополист ишкана бааны атайлап көтөрүп жаткан жокпу деген суроону коюшту.

Кыргызстанда цементти эки ишкана чыгарат: Канттагы цемент-шифер комбинаты жана Күрмөнтүдөгү цемент заводу. Бирок Күрмөнтүдөгү ишкана жакшы иштейбей азыр Канттагы комбинат монополист болуп турат. Ошондуктан ал чыгарган продукциялардын баасы мыйзамдарга ылайык Монополияга каршы саясат департаменти тарабынан жөнгө салынып турууга тийиш.

Аталган депатамент быйыл 18-мартта атайын буйрук чыгарып, бюджеттик мекеме-уюмдар үчүн бир тонна цементти Канттагы комбинат 926 сом 20 тыйындан ашпаган баада сатышы керек деген чек койгон болчу. Бирок базарда цемент дээрлик 3 эсеге кымбат, 3200 сомго сатылып жатат. «Эмне себептен?» деген суроого 19-майда Мыйзам чыгаруу жыйынынын курулуш, кен жана транспорт комитетинин отурумунда депутаттар менен өкмөт өкүлдөрү жооп табууга аракет кылышты.

Монополияга каршы саясат департаментинин директорунун орун басары Нурбек Шермухамедовдун айтымында, мунун бир чети объективдүү да себеп-жүйөөлөрү бар. Ага биринчи себеп цементке керектүү негизги сырьё - акиташтын баасы акыркы учурда кымбаттап кеткен.

- Акиташтын баасы 3, 44 эсеге өстү, - деди Нурбек Шермухамедов.

Бирок акиташ мынча кымбаттаган күндө да цементтин баасы азыркыдай өспөш керек эле. Шермухамедовдун эсептөөсү боюнча, цементтин баасы көтөрүлсө 20 процентке гана кымбаттамак. Анын үстүнө комбинат депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Кыргызстандын өзүндө акиташ турса, аны Казакстандан сатып алып жатат. Дүйшеев акиташтын баасын да аны саткан фирма Канттагы комбинат менен макулдашып туруп, көтөргөн болуш керек дейт.

Ошондон улам Канттагы комбинат базардагы монополисттик абалынан пайдаланып, алтынга жуунгусу келип жатат деген пикирди айтышты депутаттар. Мыйзам боюнча комбинат чыгарган продукциясынын 25 пайызын бир колго же фирмага сатууга укугу жок. Бул – продукциянын бир колго топтолбошу, баалардын өспөшү жана аттандаштыкты артыруу үчүн ойлонулган. Депутаттардын айтымында, иш жүзүндө комбинат продукциясын бир эле колго сатып жаткандай таасир бар:

- Базарда жалаң өзүлөрүнүн фирмалары. Ошолорго гана сатат. Алар болсо башкаларга сатышат. Ошентип баалар 200-300 процентке өсүп кетип жатат.

Ишенбай Кадырбековдун мындай пикирин депутат Ташболот Балтабаев да колдоого алды. Анын айтымында, комбинат менен келишим түзүп, андан товар алууга катардагы жөнөкөй фирмалар жолотулбайт:

- Алар макулдашып алып жасап жатышат. Бул жерде алдын-ала ойлонулган ой, өзгөчө мафия бар. Толук мафия бар. Бул монополияга каршы күрөшүүчү департаменттин. өкмөт органдарынын көз алдында болуп жатат.

Монополияга каршы саясат департаментинин директорунун орун басары Нурбек Шермухамедовдун айтымында, комбинат менен фирмалардын мындай жашыруун келишимин далилдеп, аларды мыйзамдын негизинде күнөөлөгөнгө колдо жетиштүү факт-жүйөөлөр колдо жок:

- Базардагы операторлор сүйлөшүп алышкан деген шек бар. Биз үчүн да, башка көп мамлекеттердин монополияга каршы күрөш органдары үчүн да фирмалардын машташып алганын аныктоо иши өтө кыйын.

Кыргызстанда цементтин кымбаттап кетишине дагы бир себеп – комбинат чыгарган продукциянын 70 пайызы чет мамлекеттерге сатылганы. Депутаттардын айтымында, өлкөдө калган цемент ички суроо-талапты толук жаппай жатат. Ошондон улам бул жерде атайлап дефицит түзүү оюну жүрүп жатышы ыктымал. Абал оор көрүнгөнү менен мындай жагдайдан чыгуунун бир нече жолдору бар:

- (Комбинат) табийгый монополист болгондон кийин декрет кабыл алыш керек же зарыл болсо мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Эми кандай жолдору бар? Биринчиден, Казакстанга кетип жаткан продукциянын көлөмүн чектеп, квота коюш керек. Аларга балким 32 проценти жетээр, негизгиси - бизге көп калтыралы. Экинчиден, продукцияны чекене саткандардын баасын жөнгө салыш керек. Үчүнчүдөн, экономиканы өнүктүрүү министрлиги жакшы жасап жаткан экен – муниципиалдык дүң дүкөндөрдү ачалы деп, эл ошол жерлерден өз баасында, ортомчуларсыз өздөрү сатып алганга шарт түзөлү деп. Бул да жакшы чечим, - дейт депутат Ишенбай Кадырбеков.

Ал Канттагы комбинаттын акциясынын 67 пайызын сатып алган, казакстандык “Ciments de lux S.A.” компаниясы бийликке өтө жакын адамдардын туугандарыныкы деген имиш кептердин чындыгы бар деп билдирди:

- Бул - өтө чоң байлык. Аны жөнөкөй казактарга берип койбойт эле. Демек, комбинат казактарга тиешеси бар адамдардын колунда турат. Мындай байлыкты эч ким бербейт!
XS
SM
MD
LG