Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Бакайата районунун акимине нааразы адамдарды губернатор кабыл алды


ТАЛАС. Ар жуманын шаршемби күнү жеке адамдарды кабыл алуунун кезектеги учурунда Бакайата районунун Акдөбө, Бакайата айыл өкмөттөрүнөн келишкен 11 адамды облус губернатору Искендер Айдаралиев кабыл алып, дооматтарын укту. Нааразы болуп келген адамдар райондогу кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди элге таратууну, Акдөбө айыл өкмөт башчысы Өмүркул Бабыровду ишинен алууну жана район акими Каныбек Курманбековду жаш курагына байланыштуу пенсияга кетирүү талаптарын коюшту. Карыяларга кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлер үлүшкө берилбей тургандыгы, айыл өкмөт башчылары шайлоодо жеңип чыккандыктан аларды район акими кызматтан ала албай тургандыгы түшүндүрүлдү. Ал эми аким Каныбек Курманбеков пенсия курагына жете электиги айтылды. Берилген жоопторго, түшүндүрмөлөргө канааттанбаган карыялар Бишкекке чейин арыздана тургандыгын билдиришти. Бул тууралуу облустук администрациядан 20-май күнү маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG