Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:47

Бишкекте “Кыргызстан-2004” эл аралык жарманкеси ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте “Кыргызстан-2004” деген аталышта эл аралык көргөзмө жарманкеси ачылды. Анын максаты Кыргызстандын экономикалык дараметин көргөзүп, башка мамлекеттердин бизнес тармагы жана биргелешкен ишканалар менен кызматташтык байланыш түзүп, маалымат алмашуу. Төрт күнгө созулган көргөзмө-жарманкеге Германия, Кытай, Польша жана башка өлкөлөрдөн 150гө жакын фирмалар катышууда. Орусия өрт өчүргүч техникаларын, “Волга”, ”Нива-Шевроле” автоунааларын, Беларустар “МАЗ” автоунаасынын жаңы үлгүсүн, Польша курулуш материалдырын көргөзмөгө коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG