Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Цемент менен шифер эмнеге кымбаттады?


БИШКЕК. «Кыргызстандагы табигый жана уруксат берилген монополия» жөнүндөгү мыйзамга тезинен өзгөртүү киргизүү зарыл. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын тоо-кен, курулуш боюнча комитетинин цемент менен шифердин баасынын жогорулоосунун себебин териштирген отурумунда кабыл алынды. Отурумда айтылган маалыматтарга караганда, цементтин баасы акыркы бир айда эки эсеге кымбаттап, 50 килограмм цементтин баасы 160 сомго чыкты. Буга Канттагы цемент–шифер заводунун продукциясынын көбү чет өлкөгө сатылып, өлкө ичинде таңсыктын атайылап түзүлүшү жана акиташтын Казакстандан кымбат баада сатылып алынышы себеп болду. Депутаттар андан тышкары Канттагы цемент-шифер заводу жана аны менен өнөктөш фирмалар өз ара келишип алып, бааны атайылап көтөрүп жатат деп билдиришти. Алардын айтымында, мындай абалды антимонополия департаменти көзөмөлдөп, монополист ишкананын продукциясынын баасын бир калыпта кармап турууга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG