Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Аскар Акаев Тажикстанга барат


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаев 26-майда иш сапары менен Тажикстанга барышы күтүлүүдө. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу стратегиялык кызматташууга, илимий жана маданий байланыштарга багытталган документтерге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Аскар Акаев сапар учурунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен жолугуп, Тажикстанда “Кыргызстандын маданият күндөрүн” ачуу салтанатына катышат. Акыркы мезгилде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 10 млн. АКШ доллары өлчөмгө жеткен. Учурда эки тараптуу автожол курулушу, “Баткен-Канибадам” электр байланышы ишке ашырылууда.

Ал эми Баткен облусу Тажикстандын Согду облусу менен чектешип, чегара тилкесинин узундугу 613 чакырымды түзөт. Эки облустун ортосунда талаштуу делген 40 аймак бар. Кыргыз-тажик чегарасынын жалпы узундугу миң чакырымга жакын.

XS
SM
MD
LG