Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

«АДИЛЕТ ШАЙЛОО ҮЧҮН» КОШУУНУ АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН ПЛАНЫ МЕНЕН ТҮЗҮЛДҮБҮ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 19-майда Кыргызстанда курамына аткаруу бийлигинин жана оппозициячыл маанайдагы саясатчылар кирген кирген «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошууну түзүлдү. Айрым саясатчылар мындай кошуун Акүй тарабынан күн мурунтан түзүлгөн план боюнча уюштурулганын айтышса, кошуундун өкүлдөрү мындай пикирди четке кагышууда.

«Адилет шайлоо үчүн» атуулдук кошуун Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, «Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, «Социал демократиялык партиянын жетекчиси Алмаз Атамбаев, «Эл» партиясынын башчысы Мелис Эшимканов, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Адахан Мадумаров, Марат Султанов тарабынан түзүлдү.

Кошуундун координациялык кеңешинин төрагасы болуп Мисир Ашыркулов, ал эми анын орун басарлары болуп Адахан Мадумаров жана Марат Султанов шайлангандыгы маалымдалды.

Кошуунду түзүүнүн башкы максаты - коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн башын бириктирип, келээрки президенттик, парламенттик шайлоолорду адилет мыйзам чегинде өткөрүү, шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай бөлүнүүчүлүккө жол бербөө экендиги айтылды.

Ал эми кошуундун төрагасы Мисир Ашыркулов Кыргызстанда 2000-жылы өткөрүлгөн шайлоолордо бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигин эскерип, уюмдун максаты тууралуу буларды кошумчалады:

- Кээ бир жерде мыйзам бузуулар болбой койгон жок. Аны биз эмес, бир катар эл аралык уюмдар деле айткан. Биз мына ошондой кемчиликтерди болтурбоо жана шайлоонун адилет өтүшү үчүн мына ушундай кыймыл түзүп отурабыз.

Ал эми кошуундун башкы максаты болгон адилет шайлоону камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер жасалат, деген суроого Өмүрбек Текебаев мындайча жооп берди:

-Эң башкысы бизде саясий, каржы, адам ресурстары бар. Биз ар бир районду көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жок эле дегенде биз өзүбүздүн райондордогу шайлоонун адилет өтүшүн көзөмөлдөй алабыз. Ошондуктан биз парламенттик жана президенттик шайлоолордо жок эле дегенде өзүбүздүн шайлоо округдарда шайлоонун адилеттүү өтүшүн камсыз кылып беребиз.

Уюмдун жасай турган иштери боюнча Өмүрбек Текебаевдин айтканына кошуундун төрагасынын орун басары Адахан Мадумаров буларды кошумчалады:

- Бизде бир топ иш пландар каралып жатат. Биз Жалалабад, Ош, Ысыккөл, Нарын жана бардык областарда иш аракеттерди турмушка ашырганга мүмкүнчүлүгүбүзду жумшайбыз. Кандай иш аракеттер экендигин азыр айта албайбыз. Аны убагында уга аласыздар.

Журналисттерди Мисир Ашыркулов менен бийликтин ортосундагы жана кошуун менен өкмөтчүл маанайдагы «Алга, Кыргызстан» партиясынын ортосундагы мамиле кызыктырды. Кошуундун төрагасыныны орун басары Адахан Мадумаров «Алга, Кыргызстан» партиясы келечекте адилет шайлоону камсыз кылуу үчүн эмес, элдин башын айландырып, он жылдан ашуун Кыргызстанды башкаргандардын бийлигин узартууну көздөп жаткандыгын айтып, партиянынын ишмердүүлүгүн сынга алды.

Ал эми уюмдун төрагасы Мисир Ашыркулов кошуунга мамлекет башчысы менен кеңешпей эле өзүнүн жеке демилгеси менен келгенин айтып, келээрки президенттик шайлоого талапкер катары катышуу оюм жок деген пикирин ортого салды:

- Мен бул жерге Кыргызстандын келечегине күйгөн атуул катары өзүмдүн жеке каалоом менен келдим. Менин оюмча, учурда аткаруу бийлиги да келечекте боло турган шайлоолордун ачык жана адилет өтүшүнө кызыкдар. Ал эми мен келечекте президенттик шайлоого талапкер катары катышуу оюм жок.

Ошондой болсо да мамлекет башчы менен он беш жылдан ашуун чогуу иштеген адамдын күтүүсүздөн оппозиция өкүлдөрү менен биригиши айрым саясатчыларды ишендире алган жок. Байкоочулардын айтымында, мындай кошуун болочок шайлоодо добуш бөлүп, азыркы бийлик өкүлдөрүнүн жеңишке жетишине өбөлгө түзүү үчүн уюштурулду.

Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, мындай кошуун аткаруу бийлиги тарабынан күн мурунтадан түзүлгөн план боюнча, мамлекет башчы Аскар Акаев менен жашыруун сүйлөшүп алган айрым саясатчылардын аракетинен улам түзүлдү:

- Мен мындай кошуундун келечегине ишенбейм. Анткени мындай кыймыл Мелис Эшимкановдун аракетинен улам түзүлдү. Ал эми аткаруу бийлиги Мисир Ашыркулов аркылуу өзүнүн он беш жылдан бери жасаган күнөөсүн актоого аракет жасоодо. Ал эми Адахан сыяктуу саясатчылар болсо Мелиске алданып, Мисир Ашыркуловду башына коюп алышып, өзүнүн кадыр-баркын кетиришүүдө.

Турсунбек Акундун жогорудагыдай пикирине Мелис Эшимканов макул эмес:

- Бул түп-тамырынан бери туура эмес ой жүгүртүү. Анткени мен алты айдан бери президентти көрө элекмин. Экинчиден, менин маалыматым боюнча Ашыркулов да мамлекет башчы менен көптөн бери жолуга элек. Мындан сырткары Мадумаров, Текебаев, Куловдун партиясына окшогондорду кандайдыр бир планга бириктирүү деген акылга сыйбаган нерсе.

Кошумчалай кетүүчү нерсе - демейде оппозиция өкүлдөрүнүн ар бир кыймылына көзөмөл кылып, алардын ар бир саясий кадамына дароо жооп берген аткаруу бийлиги негедир бул жолу мындай кошуундун түзүлүшүнө өзгөчө маани берген жок. Президенттин маалымат кызматы мындай окуя тууралуу билбей тургандыгын айтып, кошуундун түзүлүшүнө карата оң же терс пикирин билдирүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG