Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

ЮКОС мунай компаниясынын негизги акционеринин соту кийинкиге калтырылды


Мындай чечимди Москванын Мещан райондук соту айыпкердин адвокаттарынын өтүнүчүн кароо үчүн кабыл алды. Бүгүн соттун башталышында адвокаттар Платон Лебедев менен ЮКОСтун мурдагы жетекчиси, учурда камакта олтурган Михаил Ходорковский окшош кылмыш жасаганы үчүн айыпталып жаткандыктан алардын ишин бириктирүүнү суранган эле. ЮКОС компаниясынын негизги акционерлери Платон Лебедев менен Михаил Ходорковский көз боёмочулукка барганы, мамлекеттик мүлктү ири өлчөмдө уурдаганы, салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда. Лебедевдин адвокаты Елена Липцер буларды билдирди:

- Платон Леонидович өзүн айыптуумун деп эсептебейт жана ага каршы кылмыш иши башкы прокуратура тарабынан ойлонуп табылган деген пикирде. Албетте коргоочулар да Платон Лебедевдин бул турумун бөлүшөт жана ал күнөөлүү эмес экенин сотто далилдөөгө аракеттенет.

Орусиянын укук коргоо органдарынын өлкөдөгү экинчи ири мунай компаниясы - ЮКОСтун ишин иликтөө былтыр июлда дал ушул Платон Лебедевдин камакка алынышы менен башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG