Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Пакистан Индиянын өкмөт башчылыгына келип жаткан Манмохан Сингхтин билдирүүсүн кубаттады


Ал бүгүн Делидеги басма сөз жыйынында Пакистан менен тынчтык жараянын улантуу Индиянын жаңы өкмөтүнүн башкы приоритети болоорун билдирген эле. Манмохан Сингхтин айтымында, алар Пакистан менен достук мамиле орнотууну көздөйт:

- Биз өзүбүздөн коңшулар, өзгөчө Пакистан менен достук мамиледе болууну көздөйбүз. Биз Пакистан менен мамилебиздин ийгиликсиз тарыхына жана тирешүүбүзгө жүйөө болгон баардык маселелерди чечүүнүн жолун табышыбыз керек. Биз алар өткөндүн нерсеси деген үмүттөбүз, биз эми келечекке үмүт менен карашыбыз абзел.

Кезинде Индиянын каржы министри болгон Манмохан Синх премьер-министрдин кызматына расмий түрдө алдыдагы ишемби күнү киришээри күтүлүүдө. Ал экономикалык реформаларды улантууну да убада кылып жатат. Индиянын жаңы өкмөтүнө жакындагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан "Улуттук конгресс" партиясы жетекчилик кылмакчы.

XS
SM
MD
LG