Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

АКШ армиясы тик учмалар үйлөнүү тоюндагы ирактыктарды атканы тууралуу маалыматтарды иликтөөдө


Окуя кечээ Ирактын Сирия менен чек арасына жакын Рамади чөлкөмүндө болгон эле. Күбөлөрдүн ырастоосунда, тик учмалар үйлөнүү үлпөтүнө катышып жаткандарды алар асманга ок чыгарган соң атышкан. Иракта үйлөнүү үлпөтү учурунда адатта ага катышкан адамдар асманга ок атышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырастоосунда, тик учмалардын огунан 42 адам, анын ичинде 15 жаш бала каза тапкан.

АКШ командачылыгы алардын аскерлери бул аймакта болгонун, бирок бутага чет элдик согушкерлер башпаанектеген үй алынганын билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, аскерлер душмандын огуна кабылган соң, тик учмаларды жардамга чакырган. Алар бул аймактан курал-жарак, чет элдик паспортторду жана ири суммадагы акча да табышкан.

Мунун аралыгында америкалык аскерлер Багдаддагы "Абу-Грейб" түрмөсүндө ирактыктарды кордогонун көргөзгөн дагы эки сүрөт ачыкка чыкты. Америкалык Эй-Би-Си жана арабдардын "ал-Арабия" телеканалдары көргөзгөн ал сүрөттөрдө америкалык эки аскер камакта өлгөн ирактыктын сөөгүн бармактары менен көргөзүп күлүп жатканы тартылган. Эй-Би-Си телеканалынын маалыматы боюнча, сүрөттөгү эки аскер түрмөдө ирактыктары кордогону үчүн айыпталып жаткандардын арасында бар.

XS
SM
MD
LG