Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 15:11

Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Ахмад Чалабинин үйү тинтүүгө алынды


Ахмад Чалабинин Багдаддагы үйүн америкалык аскерлер курчоого алып, Ирактын полициясы тинткен. Америкалык командачылык бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Жакында АКШ Ахмад Чалаби лидерлик кылган саясий партия - Ирак Улуттук Конгрессин каржылону токтотконун жарыялаган болчу. Саддам Хусейн бийликте турган кезде Чалаби сүргүндө жашаган. Ал бүгүн Багдаддагы басма сөз жыйынында Ирактын АКШ баштаган коалициялык бийлиги менен азыр мамилеси жок экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG