Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

УЛУТТАР УЮМУ ИЗРАИЛДИ ЧАБУУЛДАРДЫ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ


Бурулкан Сарыгулова, Прага Улуттар уюмунунун Коопсуздук кеңеши палестин элинин Газа тилкесиндеги шаршемби күнкү Израил чабуулун сынга алды. Бул чабуулда карапайым он адам окко учту. Коопсуздук кеңеши Израилге Рафах аймагындагы турак үйлөрдү бузууну токтотуу, жай адамдардын укугун коргоо жана буга байланыштуу эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмесин аткаруу өтүнүчү менен кайрылды. Резолюцияга добуш берүүдө Израилдин башкы өнөктөшү саналган Кошмо Штаттар калыс бойдон калды.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Жеймс Каннинэмдин айтымында, АКШ Израилдин коргонуу укугун сыйлайт, бирок Рафахтагы окуяны аша чапкандык болду деп эсептейт:

- Газа тилкесинде акыркы күндөрү болгон аракеттер тынчтык жана коопсуздук үчүн кызмат кылганын көрө алган жокпуз. Алар гуманитардык жагдайды татаалдаштырып койду, Израил аскерлери менен палестиндердин касташуусун күчөттү. Бул Израилдин коопсуздугун деле жакшыртпайт.

Элчи Каннинэм Вашингтон Газа тилкесиндеги аткезчиликке каршы күрөш боюнча Израил, Палестин жана Египет жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөп жатканын билдирди.

Израил Рафах лагериндеги аракеттерин Египеттен куралдардын тымызын ташылышына каршы күрөш менен байланыштырып, өз операциясын улантып жатат. Палестин коопсуздук кызматчыларынын жана күбөлөрдүн айтымында, куралдуу чабуул бүгүн да уланды. Ракеталык аткылоо учурунда үч палестиндик өлдү. Ал эми кечээки ракета жана снаряд менен аткылоо учурунда палестиндик карапайым 10 адам окко учуп, алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр менен балдар экендиги айтылууда.

Жай адамдардын өлүмү боюнча Израил аскерлери кечирим сурашты, ошол эле учурда алар террорчулардын аткезчилик жолун кесүү максатында жасалган бул чабуул өзүн актагандыгын белгилешти.
Израилдин Улуттар Уюмундагы элчиси Дэн Гиллерман Коопсуздук кеңешинин резолюциясына карата мындай пикирин айтты:

- Израил бүгүн Газа тилкесиндеги тозоктун дарбазасында турат. Түштүк шаар Рафах аткезчилик кылуу аркылуу дарбазадагы Палестин бийлигинин колу жана Газа тилкесине курал-жарактарды ташуучу башкы туннел катары кызмат кылууда.

Гиллермандын айтымында, Израил аскерлери апрелден бери ушундай 6 туннелди тапты. Ал эми интифада башталган 2000-жылдын сентябрынан берки табылган тоннелдердин саны 90го жетти.

Туннелдер Ирандын колдоосундагы “Хезбала” жана палестиндик ХАМАС өңдүү топторго кызмат кылып келген.

Гиллермандын бул айыптоосун Улуттар Уюмундагы Египеттин элчиси Ахмед Абуа Геит жокко чыгарды:

- Иран Египеттин аймагынан пайдаланып жатат деген айыптоого кантип ишенүүгө болот? Бул ката, мен муну толугу менен четке кагам.

Коопсуздук Кеңешинде Уюмдун Палестиндеги өкүлү Нассер ал-Кидва Израилдин Рафахтагы аракетин Газа тилкесин тышкы дүйнөдөн ажыратып, бул жерди 1,3 миллон калктын түрмөсүнө айландыруу планынын бир бөлүгү катары сыпаттады:

-Бул - терроризм. Бул – мамлекеттик терроризм. Алар – аскерий кылмышкерлер - эл аралык талаптарга жооп бериши керек.

Улуттар Уюмунун өкүлү Фред Экхарддын айтымында, Рафахта гуманитардык оор жагдай түзүлдү. Май айынын биринчи жарымында эле Израилдин согушчул аракеттеринен 2200 адам үй-жайсыз калды. Ошондуктан Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Израилди атуулдарды коргоо тууралуу төртүнчү Женева макулдашуусуна ылайык юридикалык милдеттерди аткарууга чакырды.

XS
SM
MD
LG