Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

БИРИНЧИ МАНАСЧЫЛАР


Кыргыздын кыргыздыгын сактап келген "Манас" болсо, дастандын дастандыгын тааныткан манасчылар болгон.

"Манас" дастаны менен манасчылардын чыгармачылыгы табигый жуурулушуп кетет. Манастын окуясы жана Манастын ким экендигин билбесе аларды башында ким жаратып, ким биринчи айтып чыгат эле деген суроо туулбай койбойт. Албетте, Манас кыргыз элинин арасында жашап, анын көрсөткөн каармандыгы менен ченемсиз айкөлдүгү эл эсинде сакталып калган. Анткен менен дастанды биринчи айткан адам Жайсаң ырчы аталып, ал Манасты өз көзү менен көрүп эле тим болбой, анын казаттарына чогуу катышкан киши экендиги белгилүү.

Айтылуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун айтымында Жайсаң ырчы Манастын боз үйүнүн жасалгасын жарым күн айтчу экен. Мындан көрүнүп тургандай Жайсаң теңдешсиз манасчы болгон. Балким анын манасчылык өнөрү Чоң казат, Көкөтөйдүн ашы сыяктуу окуяларга катышуудан, алардын күбөсү болуудан улам чыгармачыл эргүүнүн туу чокусуна жетсе керек.

Мындан тышкаары дастанда Ырамандын ырчы уулу жөнүндө эскерилет. Бирок ал Манас айткан эмес окшойт. Эпосто анын анык ысмы Каратай деп айтылат.

Атын уксаң Каратай,

Акындыгы бир далай.

Ырамандын баласы,

Айтпай журтка көрүндү,

Акылынын даанасы,

Ырамандын Ырчы уул,

Ычкыры бапик кыр мурун,

Тебетейи чоктуу кул,

Айтарга сөзү ыктуу кул.

Демек, Ырамандын ырчы уулу сөзгө чечен, жамакчы акын болгон. Ал жар салып, ырдап кырк чоронун көңүлүн ачкан. Ал эми Жайсаң болсо Манастын окуясын айтып, дастанчы катары таанылган.

Кыргыз элинде сакталган уламыш боюнча, мындан 500-600 жылдар мурун Токтогул аттуу айтылуу манасчы болгон экен.

Карыялардын кебине караганда 18-кылымда Нооруз деген атактуу манасчы жашаган. Анын өмүр баяны жана манасчылык өнөрү туурасында так маалымат жок.

XVI к. жашаган Сейф абдин Ахсикентинин "Мажау ат таварих" эмгегинде "Манас" дастаны туурасында маалымат жазылган. Кыязы, Токтогул манасчы жашаган мезгил "Мажму ат таварих" кол жазмасынын жазылган убагына туш келет окшойт.
XS
SM
MD
LG