Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Орусиянын окумуштуулары Нарында иш сапарда


НАРЫН. Орусиянын илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор Магамедрасул Магометов, Эл аралык "Сафари" клубунун КМШ боюнча өкүлү, биология илимдеринин кандидаты Андрей Субботин жана өлкөбүздүн мамлекеттик токой кызматынын аңчылык ресурстарды коргоо жана пайдаланууну жөнгө салуу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жакыпбек Дүйшөнакунов 21-майда Нарын шаарында маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Кыргыз Республикасында аркарлардын популяциясын изилдөөнүн, сактоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун 2004-2008-жылдырдагы программасы жөнүндө түшүндүрмө берилди.

Орусиядан келген окумуштуулар жергиликтүү эгерлер, мамлекеттик жана коомдук уюмдун өкүлдөрү, Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен бирдикте Арпа, Аксай өрөөндөрүндө болушуп, аркарлар байырлаган жерлерди, жашоо шарттарын, таралыш жыштыгын, жер которуу жолдорун, үйүрлөрүнүн структурасын, олжолук атуу чектерин изилдеп, аныкташмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG