Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Жалалабадда айыл өкмөт башчыларын шайлоого даярдык башталды


ЖАЛАЛАБАД. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча облустук комиссиянын маалыматы боюнча, июнь айында облустук үч айыл өкмөттө кайра шайлоо болот. Жалалабад шаарындагы Тайгараев, Каракөл шаарындагы Жазкечүү жана Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз ыктыярлары менен айыл өкмөт башчылык кызматтарын тапшырышкан. Учурда ал айылдарда участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү, добуш берүүчү жайларды аныктоо, шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөт жана айыл кеңеш депутаттарынын шайлоосуна облустагы аялдардын уюмдары да өз талапкерлерин камдашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG