Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Чет өлкөлүк аттуулдарга укуктук жардам берүү борбору уюштурулду


БИШКЕК. Ички ичтер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгында Кыргызстанга келген чет элдик атуулдарга укуктук жактан көмөк көрсөтүүчү атайын борбор уюштурулду. Борбордун кызматкерлери чет элдик атуулдар менен ишкерлерге укуктук жактан жардам берип, аларды жергиликтүү ишкерлер менен байланыштырып, мыйзамдуу түрдө турак-жай сатып алышына жардам берет. Ошондой эле борбордо өмүрүнө коркунуч пайда болгон чет элдик атуулдарга өз убагында жардам берүү үчүн "тез жардам" телефон байланышы уюштурулду.

2003-жылы Кыргызстанда чет өлкөлүк атуулдарга каршы жасалган 87, ал эми соңку төрт айда 29 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG