Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Камил Баялинов Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен кызматтан бошогонун айтты


БИШКЕК. Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин жардыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Камил Баялинов кызматынан чет өлкөдө иштөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. Ал эми Камил Баялинов «Комсомольская правда» газетасынын Кыргызстандагы тиркемесине берген интервьюсунда өзүнүн кызматтан бошотулганынын себебин Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен болгон жеке мамилесинин начардап кеткендиги менен байланыштырган. «Президент мени бошотуу тууралуу жардыкка белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун көз алдында кол коюптур» деп кошумчалайт Камил Баялинов.

XS
SM
MD
LG