Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Европа биримдиги Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киришине макулдук берди


МОСКВА. Европа биримдиги Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киришине макулдук берүү тууралуу протоколго кол койду. Бул документте эки тараптын бири-биринин рыногуна кирүү шарттары аныкталды.

Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириш үчүн ушундай эле келишимди АКШ баштаган 147 өлкө менен да түзүп чыгууга тийиш. Бирок алардын ичинен Европа биримдиги анын эң ири соода өнөктөшү болуп эсептелет.

Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирсе, ал өзүнүн рыногун башка өлкөлөр үчүн ачууга аргасыз болот. Бул аталган уюмга мурдараак кирген Кыргызстан үчүн пайдалуу.

Бүгүнкү жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия жаратылышты коргоого багытталган Киото келишимин ратификациядан өткөрүүнү тездетээрин билдирди.

Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди Ирак маселеси боюнча эл аралык конференция өткөрүү жөнүндө Орусиянын сунушун колдоду.

XS
SM
MD
LG