Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

БИШКЕКТЕ САКУРАНЫН КӨЧӨТТӨРҮ ОТУРГУЗУЛДУ


Бишкекте Адам өнүгүшү кыргыз-жапан борбору ачылды. Жапан борбору Кыргызстанда 1995-жылы ачылган. Өткөн жылы ал жапаниялык JICA агенттигине өтүп, жайгашкан жайы кеңейтилди. Быйыл жайдын соңунда Бишкекте дагы бир иш-чара - жапаниялык маалымат технологиясы борбору ачылмакчы.

Жаңыланган борбордо жапан адистеринин жардамы менен ишкерликке ынтызар жаштар билим алышат. Кийинки кездери жапан тилин үйрөнүүчүлөрдүн саны арбууда. Күн чыгыш өлкөсүнүн алдыңкы маалымат технологиясын өздөштүрүүнүн алгачкы кадамы мындан он жыл илгери эле башталган.

Бишкектеги Жапан борбору жайгашкан имараттын короосуна Күнчыгыш өлкөсүнүн символикалуу маани-мазмунга ээ сакура дарагынын көчөттөрү отургузулган. Апакай бор таштардын жанында көк дөбө Чыгыш түшүнүгүндөгү акыл калчап, ордо кеңеш курчу жерди элестетип турду. Жаңыланган жапан борборунун ачылыш аземинде Күн чыгыш өлкөсүнөн келген өнөрпоздор добулбас урушту.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жапан өкмөтүнүн көмөгү менен Бишкектин «Манас» абамайданы оңдолуп, Бишкек-Ош жолу жаңыланганын айтты. Кыргызстан эгемендик алган жылдары жапандыктар жардам колун сунушуп, базар экономикасын алдыга жылдырчу адистерди даярдоого жардам бергенин, 1800 ашуун адистердин кесиптик билимин өркүндөтүүгө жардам көрсөткөнүн маалымдады:

- 800 ашуун кыргызстандыктар жапан тилин үйрөнүштү. Менин оюмча, бул Жапан менен карым-катыш үчүн болочокко багытталган чоң потенциал. Бул жерде маалымат технологиясы боюнча жакшынакай курстар бар. Көптөгөн жаштарга маалымат технологиясындагы жаңы жетишкендиктер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Кыргызстанда маалымат технологиясын өнүктүрүүгө өзгөчө зор көңүл бурулат.

Быйыл август айында Бишкекте жапаниялык JICA агенттигинин акыркы үлгүдөгү маалымат технологиясы борбору түзүлөт.

- Бул Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн революциялык ыкчылдык менен алдыга сүрөй турган тармак. Жаштар алдыңкы экономикалык билимге ээ болушат. Болочокто биз экономикалык түзүлүш, маалымат технологиясы, экономикалык илим тармагында татыктуу орунду ээлешибиз керек, - деп белгиледи президент А.Акаев.

Жапаниянын Кыргызстандагы элчиси Цунодзаки Тосио мырза жаңыланган борбордо бизнес окуулары, жапан тилин үйрөтүү иштери мыкты жолго коюлганын айтты:

- Мен чын ыкластан борбор Бишкектеги адамды өзүнө тарткан Жапаниянын бир бурчу болушун каалайм. Мында Жапаниянын экономикалык жетишкендиктеринин жаңылыктары менен таанышат. Жапания деле Кыргызстан сымал минералдык байлыгы чакталуу өлкө. Жападан-жалгыз ресурсу адам. Ошондон жапан ишкерлеринин тажрыйбасы кыргызстандык ишкерлерге оошот деген ойдомун.

JICA агенттигинин вице-президенти Мацурока Казухиса ушул жылдын августунда Бишкекте маалымат технологиясы борбору ачылаарын билдирди:

- JICA мындан ары деле Кыргызстанга жардам көрсөтө бермекчи. Анын ичинде эки багытка – жакырчылыкты азайтуу, базар экономикасына өтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Жапан борборунун ачылыш аземинде эки элдин тарыхый жалпылыктары, достук ыкластары тууралуу оголе көп мактоо сөздөр айтылды. Айтымда, түбү бир эки элдин бири балыгы арбын деп аралды мекен тутуп кетсе, экинчиси эт-кымызы мол Улуу тоолорду эш тутуп калып калган окшобойбу.

XS
SM
MD
LG