Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

МОСКВАДА ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН ОРУСИЯНЫН КЕЗЕКТЕГИ САММИТИ ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн, 21-майда, Москвада Орусия менен Евробиримдиктин 13-саммити ишин баштады. Бул жолку жолугушуу Евробиримдиктин курамы кеңейгенден кийин алгачкы ирет өтүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 1-майында Европо Биримдиги дагы 10 мамлекетти мүчөлүккө алган. Буга карата Орусиянын терс мамилеси да белгилүү. Андыктан бул жолку саммит ортодогу пикир келишпестиктерди жоюуга багытталды.

Орусия менен Евробиримдиктин кезектеги саммитинде башкы көңүл экономикалык кызматташтыкка бурулду. Анткени күн тартибине коюлган олуттуу маселелердин өзөгүн Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Герман Греф менен Евробиримдиктин соода иштери боюнча комиссары Паскаль Лами талкуулашы күтүлгөн.

Орусия Дүйнөлүк соода уюма мүчөлүккө кирүүнү каалайт жана ушул тапка чейин буга тоскоол болгон жагдайларды четтетүүгө аракеттенип келгендигин бул жолу да кайталады.

Ал эми Евробиримдиктин Орусияга койгон талабына ылайык, Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө алынышы үчүн ал Киото протоколуна кошулуусу зарыл. Андан сырткары, өлкө ичинде энерго-ресурстарга (көгүлтүр газ, мунайзатка) болгон бааны Европанын деңгээлине жогорулатышы керек. Анткен менен саммиттин башталаарына бир канча саат калганда, бул жолу Киото протоколу каралбай тургандыгы маалымдалды.

Ошол эле учурда Орусия үчүн маанилүү эсептелген башка маселе, Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча бир канча убакыттан бери жүрүп келген сүйлөшүүлөрдүн соңуна чыккандыгын күбөлөндүргөн протокол кабыл алынды. Протоколго тараптардын кол коюулары орусиялыктардын дүйнөлүк рынокко кирүүсүнө жол ачышы керек.

Саммитти ачып жатып Орусиянын президенти Владимир Путин Евробиримдик менен Орусиянын ортосундадагы мамиледе тең укуктуулук сакталышы зарылдыгын белгиледи:

- Биздин маекте кайсыл бир тараптын үстөмдүк кылуусу шарт эмес деп ишенем. Биз эң татаал маселелер боюнча да тил табыша алабыз.

Негизи, саммиттин күн тартибине коюлган маселелер Евробиримдик менен Орусиянын мындан аркы кызматташтыгы төрт багытта өнүгүшү керектигинен кабар берет. Экономика, коопсуздук, укук коргоо, ошондой эле илим жана маданият жаатындагы алакаларды бекемдөөнүн жолдору талкууга алынды.

Иштин жүрүшүнө көзөмөлдүктү Орусия тараптан энергетика жана өндүрүш министри Виктор Христенко, президенттин жардамчылары Виктор Иванов менен Сергей Ястрежембский, ошондой эле тышкы иштер министри Сергей Лавров жүргүзүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG