БАТКЕН. Ишемби күнү алынган маалыматка караганда, Миңчынар айылында жашаган Сатар Каримовдун короосунан жардыргыч зат табылганы тууралуу маалымат Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө 21-май күнү саат 16.30да түшкөн. ошол эле күнү оперативдүү иликтөө тобу аталган жерге барып, анын узундугу 70 см., салмагы 95 килограммдан турган "ФАП-90" үлгүсүнө окшош жарылбай калган авиа бомба экенин аныкташкан. Ушул эле күнү бул айылдын дагы бир тургуну Курсант Барпиевдин короосунан да жарылбай калган 2 авиа бомба табылган. Интизар айылы жайгашкан аймакта айыл курулганга дейре 1940-жылдардын аяганда мурдагы Советтер Союзунун аскер аба күчтөрүнүн машыгуулары өтүп турган. Табылган авиа бомбалар ошол машыгууларда жарылбай калып калган деген бодомолдор бар. Учурда аталган аймактагы элдин коопсуздугун сактоо чаралары көрүлүүдө.