Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:35

Кыргыз атуулдары Орусиянын мамлекеттик сыйлыгын алышты


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 18-майдагы жардыгы менен Кыргыз Илимдер академиясынын орус тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, «Русский язык и литература в школах Киргизии» аттуу илимий-усулдук журналдын башкы редактору Лев Шейман Орусиянын «Дружба» ордени менен, Кыргыз улуттук университеттин орус адабиятынын тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы Чолпон Жолдошева менен Кыргыз-Орусия славян университетинин гуманитардык факультетинин деканы Абдыкадыр Орусбаев Пушкин атындагы медаль менен сыйланышты. Мындай маалымат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG