Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Диний кырдаалды талкуулаган жыйын өткөрүлдү


ОШ. Ага Ош облусу менен Ош шаарынан 300дөй адам катышты. Муфтий Жуманов, облус губернатору Касиев, облустук ички иштер башкармасынын начальниги Байтиков, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия төрагасы Мамаюсупов, облустук юстиция башкармасынын начальниги Кожокматов жана башкалардын сөздөрүндө азыркы диний кырдаалды көзөмөлдөп туруу кажет экендиги, мусулман дини эң таза, ак ниет дин экенине карабастан адам өлтүрүүгө, өзүн өзү өлтүргөн жан кечтиликке, баңгизат соодалоого, экстремисттик кадамдарга барууга кириптер болуп Исламдын дүйнөлүк кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жаткандыгы белгиленди. "Хизб-ут Тахрир" мүчөлөрүн молдокелер айкын билсе да, билмексенге салып, коом үчүн кайдыгер караган учурлар бар экендиги, кандайдыр бир мамлекеттик жакшы жышаан саамалыкты, демилгени жайылтууда мечит, медреселерде чоң мүмкүндүк болуп жаткандыгы. Ошол эле кезде мечит, медреселерди саясий иштерде пайдалануу оруунсуз экендиги айтылды Оштогу диний кырдаалды талкуулаган жыйында.

XS
SM
MD
LG