Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Саясий партиялар жана коомдук уюмдар кайрылуу менен чыгышты


КАРАКОЛ. Курамына бир катар саясий партиялар жана коомдук кыймылдар кирген Каракол жарандык "Бирлик" коомдук бирикмесинин координациялык Кеңешинде талкууланган кайрылуунун мазмунуна караганда, облустагы ар кандай деңгээлдеги жетекчилер, анын ичинде губернаторлор кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, облустун экономикасына олуттуу зыян алып келишүүдө. Анын мисалын кайрылуу ээлери, облустун мурдагы губернатору Эмилбек Анапияевдин өзүмдү өзүм билем деген жеке кызыкчылыганан издешет. Экс-губернатордун гөйкап жол курулушун баштоодогу жаңылыштыгы, Каракол эркин экономикалык аймагындагы башаламандыктарды алып келүүдөгү тажрыйбастыгы эл арасында кайчы пикирлерди жаратты. Ал эми пилоттук облусту башкарып жаткан Токон Шайлиеванын кадрларды тандоо саясатын кескин сындайбыз жана акыйкат башкарууну талап кылабыз дешет кайрылуу ээлери.

XS
SM
MD
LG