Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Патенттик ишкерликтин саны азайды


БИШКЕК. Кыргызстанда патентик негизде ишкерлик жүргүзүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизилип, ишкерликтин бир катар түрлөрүнө патенттик уруксаат алуу жоюлду. Бул тууралуу маалымат берген Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, мындай өзгөртүү кичи жана чакан ишкерликти өнүктүрүү жана алардын кирешесининин көлөмүнө жараша салык алуу үчүн киргизилди. Натыйжада,эл керектөөчү жана азык-түлүк товарларын сатуу, турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, айыл чарба шаймандары үчүн керектүү бөлүктөрдү сатуу, акча алмаштыруу жана ар кандай иш-кагаздарынын үлгүлөрү менен мукабаларды жасоо боюнча ишкерлер патент албай иш жүргүзүүгө уруксаат берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG