Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылган товарларга чек коюлат


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын президенттик администрациянысынын башчысынын биринчи орун басары, администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков өлкөгө тыштан ташылып келип жаткан контрабандалык товарлардын көлөмүн азайтууга арналган атайын кеңешме өткөрдү. Анда Каржы министрлигинин, салык, бажы, чек ара кызматтарынын жетекчилери менен бул боюнча пикир алышуу болуп, мыйзамсыз товар ташып келүүгө чек коюу милдети алдыга коюлду. Ага ылайык мындан ары чек ара кызматы өлкөгө ташылып келип жаткан товарлардын мыйзамдуулугуна көзөмөлдү күчөтүп, тиешелүү башка кызматтар товарлардын сапатына көңүл бура турган болду. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, контрабандалык жол менен ташылып келген товарлардын көлөмү Кыргызстандын ички дүң продукциясынын 20 процентин түзүп, мамлекеттик бюджет жылына 1 миллиард 800 миллион сомдук зыян тартат.

XS
SM
MD
LG