Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:08

КАЛЫГУЛ ОЛУЯ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Он сегизинчи кылымдын акырынан он тогузунчу кылымдын орто ченине чейин жашоо кечирген Калыгулдун айткан: "Калп айткан адам жарыбайт, Кайгысыз адам карыбайт" - деген нуска сөзү эки кылымдан бери элдин жүрөгүндө сакталуу.

1785-жылдардан 1855-жылдарга чейин Ысыккөлдүн түндүк тарабындагы кереметтүү жаратылышы бар өзөн өндүрлөрүн конуш кылып, тирүүчүлүктөн аттанаарда Калыгул Бай улуу үзөңгү жолдошу Таңсык кожого Кара ойду көргөзүп, “Менин түбөлүк жай кылчу жайым ушул жер болду, ушул жердин топурагы мага буйрук, о дүйнөгө аттанганда сөөгүмдү ушул жерге жашыргыла” деп өтүнүч жасаган дейт. Андан бери канча заман өзгөрдү. Учурунда чиренип эл башкарбаса да ала кушту атынан айтып, мансап дөөлөтүнө карабай элди бийлеп турган мыкчыгерлерге туура сөздү түз айтып ыйманга чакыргандыгы, келечек тууралуу кеменгердик менен таасын ойлорун сүйлөгөндүгүнүн мисалы катары:

Этеги жок, жеңи жок кийим чыгаар,
Эң кийинки баласы кыйын чыгаар.
Акча кагаз пул болуп тыйын чыгаар,
Атасынан баласы кыйын чыгаар.
Күндө кеңеш бир жакшы жыйын чыгаар,
Андай өңдүү бир заман кийин чыгаар.
Этек- жеңи чолоюп чапан чыгаар,
Эң кийинки баласы тапан чыгаар.
Эки башын кайкайтып кайык чыгаар,
“Эримди өзүм бийлейм” деп зайып чыгаар
– деген келечекти боолгологон ой берметтерин келтирсек болот.

Он тогузунчу кылымдын башталышынан өмүр аягына чейин эл аралап нуска айтып, Сарбагыш уруусунун өкүлү катары тагдыр чечээр жерлерде жыйындарга катышып калыстыгы менен эл оозуна илинген, Ормон кандын үзөңгү жолдош, кеңешчиси эсептелген Калыгул:

Жакшы чыккан азамат элин билээр,
Элин билген ал адам билим билээр.
Окуп, карап, ойлонуп илим билээр,
Эчен түрлүү адамдын тилин билээр
- деп тирүүчүликтүн наркына сереп салган.

Мындан эки жүз жылга жакын убакыт арыда айтылган сөздөрү бүгүнкү жашоого төп келген Калыгул Бай уулу өз кезегинде эле олуя катары бааланган. Буга мисал катары даанышман акын эсептелген Нурмолдонун:

Олуя төкмө Калыгул,
Өз элинин анык уул.
Пайгамбардык керемет,
Ширесине канык уул
- деген бейнесине сүртүм жасаганын айтсак болот.

Уруулуу журттун ынтымакчылыгын бекемдөө аракетин жасап,пендечиликтин көйгөйүнөн бийигирээк жашоо кечирүүгө ынтаа койгон инсандын Сары өзөн Чүйдүн, Көл айланасын келечекте кандай болооруна чейин көрүп тургандай сүрөттөп бергенинен, укум-тукумдун тагдыры кандай болоорун айтканынан айтып берүүчүсү бар табышмак сырдуу адам катары замандаштары аярлап мамиле жасашкан.
XS
SM
MD
LG