Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Тунисте бүгүн Араб лигасынын эки күндүк жыйыны башталды


Араб Лигасына кирген 22 өлкөнүн өкүлдөрү бүгүн Тунисте чогулуп, Ирак жана Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулоого киришти. Жыйынга Палестина төрагасы Ясир Арафат телефон аркылуу кайрылып, Израилге басым жасоону суранды. Карала турган дагы бир маселе - АКШ тарабынан даярдалган "Кеңири Жакынкы Чыгыш демилгеси". Бул план боюнча, региондогу өлкөлөрдө кеңири реформа жүргүзүлөт, бирок бир топ өлкө бул америкалык планды жактырбай, аны ички иштерге кийлигишүү деп баалап жатат. Йемен менен Судандын президенттери жана Перс булуңундагы беш араб мамлекетинин падышалары жыйынга келбей, ага өз өкүлдөрүн гана жиберди.

XS
SM
MD
LG