Ооганстандагы түрмөлөрдө текшерүү жүргүзүү үчүн АКШ жетекчилиги Чарлз Жэкоби аттуу генералды дайындады. Азыр өлкөдө жыйырмага жакын америкалык абак бар жана кээ бир кабарлар боюнча, аларда кармалган туткундарды америкалык сакчылар кордоп-мазактаган жана кээ бир туткундар кыйноодон улам каза болгон. Ооганстан менен Ирактагы абактарда өлгөн туткундардын саны отуз жетиге жетти.