Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталып бүтпөгөнү менен Жалалабад областынын чек ара аймагын күзөткөн чек арачылар эмнелерге муктаж? Жергиликтүү бийлик менен коомчулук кыргыз жерин кайтаргандардын маселесине кандай мамиле кылып жатат?

Чек ара такталбагандыктан обулустагы чек ара аскерлери кызматын Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн жол боюндагы бекеттерде өткөрөт. Алар каражаттын тартыштыгынан жергиликтүү бийликтин кээде бере калган жардамына муктаж. «Сейдикум» чек ара бекетине электр жарыгы жакында киргизилип, ага барчу жол оңдолду:

- «Сейдикум» чек ара бекетине электр жарыгы менен жол маселеси Базаркоргон райондук акимиятынын жардамы менен чечилди, - деди областтык бийликтин коргонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов.


- 2000-жылы Өзбекстандык террорчулар жок кылынган Чаткал районундагы эки чек ара заставасы менен да башка бекеттердей байланыш начар, - деген Кадыр Бечеловдун билдирүүсү боюнча район-шаарлар, областтык мекеме уюмдар мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүүдө.

Областтагы 34 мекеме-уюм 3 миң сомдон жардам беришти. Жыл башында акча каражаты тартыш болду. 20 уюм чогулткан каражаттарын чек арачыларга тапшырып кайтышты.

Коомчулукта «чек арачылар ары-бери өткөндөрдөн акча алышат» деген пикирлер арбын.Тарбиясы тайкы жоокерлер ушундай жолго бараарын макулдаган бөлүм башчы мыйзамсыз жоруктарды жокко чыгарбады:

- Акча алып кармалып, же анын негизинде чыр чыккан факты катталган жок, - деди Кадыр Бечелов.

Чек арачы офицерлердин көбү мурдагы ички иштер кызматкерлери. Жыл башында Өзбекстан менен чектеш Бекабад чек ара бекет башчысынын автокырсыктан жана Бүргөндү бекетинин башчысынын октон өлгөндүгү боюнча иш ачылып, тергөө жүрүүдө.
XS
SM
MD
LG