Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

24-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосу караганда, 24-майда Кыргызстандын айрым облустарында жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27 градус.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 градус жылуу.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21 градуска жылыйт.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24 градус.
БИШКЕК шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.

Кабарлардын топтомун Бүбүкан Досалиева даярдады.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG