Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

«Кыргызтелекомдун» акциясы кимге тийери белгисиз


БИШКЕК. «Кыргызтелеком» акционердик коомунун мамлекетке тиешелүү 51 проценттик акциясы кимге тийери азырынча белгисиз. Азыр өткөн жылкы тендерде акция үчүн 15 миллион 29 миң доллар берем деп, экинчи орунду жеңип алган «Ростелеком» менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Орусиянын башкы байланыш компаниясы «Кыргызтелекомдун» акциясынын баасын дагы азайтууну сунуш кылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин билдирүүсү боюнча, кыргыз өкмөтү андай сунушка макул болгон жери жок.
«Кыргызтелекомдун» акциясын алуу укугун былтыр Швециянын «Шведтел» деген компаниясы утуп алып, ага 15 миллион 68 миң доллар берем деген. Бирок акыны төлөө жана тарифтер боюнча пикир келишпестиктен улам кыргыз тарап андан баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG