Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

CNN телеканалы Кыргызстан жөнүндөгү роликти көрсөтө баштайт


БИШКЕК. Ушул жылдын 10-12-июнь күндөрү Ысыккөлдө ЮНЕСКОнун «Евразия 21 кылымда: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын кармашыбы?» аттуу эл аралык форуму болот. Кыргызстандын президенти жана ЮНЕСКОнун башкы кеңсесининин демилгеси менен өтө турган форумга Иран, Туркия, Индия, Пакистан, Ооганстан жана КМШдагы мамлекеттердин делегациялары катышат. Мына ушул форум тууралуу кабар берген рекламалык ролик жакында СNN телеканалы аркылуу көрсөтүлө баштайт.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун маалыматы боюнча, ролик 100 жолу көрсөтүлөт жана ага кыргыз өкмөтү 40 миң доллар төлөдү. Мындай ролик өткөн жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG