Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

«Кыргызалтын» текшерилет


БИШКЕК. Ушул май айынан тарта августка чейин «Кыргызалтын» акционердик коому эл аралык аудитордук компаниянын текшерүүсүнөн өтөт. Ага негиз берген токтомду кыргыз өкмөтү кабыл алгандыгын Каржы министрлиги билдирди. Ал маалыматка караганда, токтом кен иштетүүчү өнөр жайлардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу демилгеси аттуу 2002-жылы кабыл алынган эл аралык иш чараны аткаруу максаты менен кабыл алынды. Токтомго ылайык Кыргызстандын кен иштетүүчү ишканаларынын ишмердүүлүгүн ачыкка чыгаруу жана аны ишке ашыруу чаралары белгиленип, июнь-июль айларында ачыктыкты камсыз кылуу боюнча семинарларды өткөрүү, текшерүүнүн типтүү формаларын иштеп чыгуу милдети алдыга коюлду. Ал эми «Кыргызсталтынды» текшерүүнүн жыйынтыгы ушул жылдын октябрында маалымат каражаттарына жарыяланмак болду.

XS
SM
MD
LG