Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Саясатчылардын бедели аныкталды


БИШКЕК. «Социнформбюро» аттуу социологиялык кызмат Кыргызстандагы эң таасирдүү жана келечектүү ишмерлерди аныктоо боюнча сегизинчи жолку сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Мурунку сурамжылоодой эле ал үч критерийде: таасир көрсөтүү деңгээли, ишкер сапаты жана келечектүүлүгү менен бааланып, 40 адамдан турган алдыңкы топко президент Аскар Акаев киргизилген жок.
Иликтөө боюнча бул жолу президенттин рейтинги 15,9 упайга жогорулап, ага таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү негиз болду. Ал эми келечектүүлүгү 0,7 упайга төмөндөп, тогуз саясатчыдан артта калды. 40 адамдан турган алдыңкы топтун ичинен биринчи орунду президенттин жубайы Майрам Акаева ээледи. Анын таасир көрсөтүү деңгээли 8,4 упай деп бааланды. Бул топко өкмөт башчы Николай Танаев кирбей калды. Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбековдун рейтинги жогорулап, үчүнчү орунга чыкты. Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов мурунку сурамжылоодо алдыңкы үч адамдын бири болсо бул жолу 11-орунга түшүп калды. Ал эми алдыңкы 10 саясатчынын катарынан Майрам Акаева, Курманбек Бакиев, Аскар Салымбеков, Абдыганы Эркебаев, Кубатбек Байболов, Болот Абилдаев, Жоомарт Оторбаев, Медет Керимкулов, Мыктыбек Абдылдаев жана Токон Шайлиева орун алды.

XS
SM
MD
LG