Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Өткөн жылы Кыргызстанга 146 миллион доллар өлчөмүндө тике инвестиция келген. Кыргыз өкмөтү бул көрсөткүчтү 200 миллион долларга жеткирүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн биртоп мыйзамдарды кабыл алуу, мурункуларынын кыйласын жаңылоо зарыл. Буга кошумча Кыргызстанды туташ дегидей каптап алган коррупция четтен келген ишкерлердин үшүн алат.

Кыргызстанда чет эл инвестициясын тартуу, ага жагымдуу шарт түзүү жайында арбын кеп болот. Өкмөт аны менен эле чектелбей ушу тапта чет эл инвестициясын тартуу маселеси менен гана иштөөчү мамлекеттик агенттик түзүү аракетин көрүүдө. Бул башта түзүлгөн комитет, атайын өкүл институту, топ комиссия, кеңештердин ишинин натыйжасыздыгынан улам чыккан арга.

Ошондой топ кызматтын иш-аракети кандай экенин ЮНИДО долбоорунун инвестицияга колдоо көрсөтүү иштери боюнча улуттук кеңешчиси Кубат Өмүрзаковдон уксак:

- Инвестицияны өкмөт кепилдиги менен кредит түрүндө алып келүү эми жарабай калды. Биздин тышкы карыздарыбыздын өлчөмү дүйнөдө болгон нормативдердин баарынан ашып кеткендиктен, биз эми андай инвестициядан үмүт үзүп койгонубуз оң. Ошондон тикелей инвестицияга үмүт артып отурабыз. Ал үчүн инвестициялык климатты жакшыртып, мыйзамдарды кабыл алып, процедураларды жөнөкөйлөтүп, инвесторлорго шарт түзүүбүз зарыл. Инвестициялык матрицанын экинчи бөлүгүндө белгиленген инвестициялык стратегияны иштеп чыгуу, кайсы тармакка басым жасоо керектигин ишке ашыруу милдети турат.

Кубат Өмүрзаковдун ырасташынча, республикада тикелей инвестиция тартууга азырынча ыңгайлуу шарт түзүлө элек:

- Буга чейинки инвестиция тартуу аракети натыйжага жетише элек. Көпчүлүк министрликтерде инвестиция тартууга жооптуу кызматтар түзүлгөн, бирок алардын иши чачкын болуп, координацияланбай келди. Инвестиция тартуу боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкен алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган жок.

Вице-премьер-министрдин кеңешчиси Нурдин Жаманкуловдун айтуусунда, Кыргызстан коррупция менен мамлекеттин ишкерликке ыксыз кийлигишүүсүнөн оголе көп зыян тартууда:

- Бизнести мамлекеттик тескөө менен коррупция чырмалышып калган. Мамлекет эреже менен жоболорду канчалык көп чыгарып, аны жүзөгө ашыруу аракетин жасаган сайын коррупция ошончолук күчөйт. Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, мындай жагдай тикелей инвестиция тартууну 70% төмөндөтөт.

Кыргыз өкмөтү чет эл инвестициясын кайра иштетүү өнөр жайына, туризмди өнүктүрүүгө, тоо-кен өнөр жай өндүрүшүнө тартууга кызыкдар.

- Бизге айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү алдыңкы технология керек. Тоо-кен өндүрүшүндө да кымбатба металлдар табылган жерлер, ташкөмүр кендери бар. Булардын баарына инвестиция керек,- деп билдирди өкмөт башчы Николай Танаев.

Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларга бираз жете бербейт. Ошондон өкмөт ушу тапта тикелей инвестиция тартуу аракетин жасоодо.
XS
SM
MD
LG