Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

КЫТАЙ КРИЗИСКЕ ЖАКЫНДАП КАЛДЫБЫ?


Сапар Орозбаков, Прага Кытайда өткөн жылы ички дүң продукт 10% көбөйгөн болчу. Быйылкы жылдын биринчи кварталында да экономикалык өсүш 9,7% түздү. Буга тынчсызданган кытай жетекчилиги аны басаңдатууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырды. Бирок андан азырынча майнап чыга элек. Аналитиктер бул ээ-жаа бербеген экономикалык өсүш 1997-жылдагы Азия кризисиндей окуяга алып келиши мүмкүн дешет.

Өлкөдө болгон өзгөрүүлөргө карабай Кытайдын Коммунисттик партиясынын бийликте кала бериши анын жогорку деңгээлдеги экономикалык өсүштү камсыз кылып, элдин турмушун бир топ оңдой алгандыгына байланыштуу. Ден Сяопиндин экономикалык реформасы башталган 1978-жылдан бери Кытайдын ички дүң продуктысы 10 эсе өсүп, 1,4 триллион долларга жетти. Шаарларда өнөр жай дүркүрөп өсүп, ал айыл жериндеги жумушсуз адамдарды улам өзүнө сиңирип алып жатат. Интеллигенция жана студенттер жаңы кесиптерди өздөштүрүп, өнөр жайдын андан ары өсүшүнө шарт түзгөн компьютердик, рекламалык жана юридикалык компанияларды түзүп жатышат.

Кытайдын өнөр жайынын дүркүрөп өсүшүнө алгач өкмөттүн ссудалары жана банктардын арзан кредиттери түрткү берди. Кийин Кытайдын экономикасы бутка туруп, ага ишеним өсө баштаганда, ички ресурстарга чет өлкөлүк инвестициялар кошулду. Банктардын экономикага салган салымы өткөн жылы 21% көбөйүп, 1,9 млрд долларга жеткен болчу. Быйыл ал дагы 20% өсүп жатат. Экономикага салынган инвестициялардын жалпы көлөмү быйыл 43% көбөйдү.

Мындай ээ жаа бербеген өсүштүн акыры жаман болорун сезген Кытайдын жетекчилиги өткөн жылдан баштап кредиттердин өсүшүн чектөөгө багытталган жаңы чараларды көрүп жатат. Ал бир нече жолу банктардын резервдерин көбөйтүүгө барган болчу. Быйыл май айында да Кытай өкмөтү банктарды бир жума бою кредит бербөөгө мидеттендирген чечим чыгарды. Бирок экрономикалык өсүш көп деле басаңдаган жок. Өткөн жылы ички дүң продуктынын өсүш темпи 10% түзсө, быйыл ал бир аз гана азайып, 9,7% түздү.

Экономиканын мындай тез өсүшүнө байланыштуу мурда деле бир нече жолу кыйынчылыктар чыккан болчу. Бирок анда Кытай өкмөтү абалды жеңил эле оңдоп кеткен. Бул жолку абалдын өзгөчөлүгү өлкөгө дүйнөдөгү “кыска мөөнөттөгү” капиталдардын агып келип жатышында болуп жатат. Бээжин бул жолу да абалдан чыгып кетет деп ишенишкен инвесторлор өздөрүнүн бош акчаларын дүркүрөп өсүп жаткан Кытайдын экономикасына багыттоодо.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында чет өлкөлүк инвестициялар 25% өсүп, 31 млрд. долларга жакын акча тыштан келди.

Бул бир өлкөдөн экинчи өлкөгө тынымсыз көчүп жүргөн мындай акчалар кокус Кытайда абал начарлап кетсе, дароо эле өлкөдөн жапырт чыгып кетүүгө аракет кылаары белгилүү. 1997-жылы Азия финансы кризисинде да ошондой болгон. Индонезиянын экономикасы дүркүрөп өсүп жаткандыктан дүйнөдөгү бош жаткан капиталдардын баары бул жерге топтолуп, кийин экономикалык кыйынчылыктын алгачкы белгилери билингенде, алардын баардыгы бир мезгилде кайра чыгып кетишкен. Ансыз деле кризисте турган Индонезиянын экономикасы кыйроого учурап, өлкөнү 40 жылга жакын башкарган Сухарто бийликтен кетүүгө аргасыз болгон.

Кытай - Индонезия эмес. Кытайда Индонезиядагыдай этникалык жана диний каршылашуу жок. Бирок өлкө экономика боюнча алга кеткен менен системалык мүнөздөгү маселелерди, анын ичинде саясий реформаларды улам артка жылдырып келет. Бул, эгерде Кытайда экономикалык кризис башталса, ал саясий кризис менен коштолушу мүмкүн дегендикти билдирет.
XS
SM
MD
LG