Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Канн кинофестивалынын биринчи сыйлыгы Жорж Бушту сындаган фильмге тапшырылды


Канн кинофестивалынын биринчи сыйлыгы “Алтын пальма бутагы” Майкл Мурдун “Фарингейт боюнча 911” аттуу документалдык фильмине берилди. Фильмде АКШнын президенти Жорж Буш кескин сынга алынган. АКШда бул фильм көрсөтүлгөн эмес.
Сыйлык алып жатып, Майкл Мур жюринин мүчөлөрүнө фильм эми АКШда да көрсөтүлөт деген үмүтүн билдирди:
- Мен, фестивалдын катышуучулары менен сүйлөшүп билгениме караганда ушул жерде болгон окуялардын жардамы менен америкалыктардын бул кинотасманы көрүшүнө мүмкүнчүлүк берилет. Силер бул окуяны ачыкка чыгарып салдыңар. Көп адамдар чындыкты жашыргысы келишкен. Силер өзүңөрдүн чечимиңер менен чындыкты элдин баардыгына жеткирдиңер, - деди Майкл Мур.

XS
SM
MD
LG