Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:21

Ахмад Чалаби Иранга тыңчылык кылбагандыгын айтты


ВАШИНГТОН. Ирактын башкаруу кеңешинин өкүлү Ахмад Чалаби Ирандын пайдасы үчүн тыңчылык кылган деген дооматты жокко чыгарды. Ал америкалык телеканалга берген интервьюсунда Иран менен мамиле түзгөндүгүн мойнуна алып, бирок маалыматтарды Иранга берген деген дооматты караманча төгүндөдү.
Иран өкмөтү болсо Чалаби сыяктуу эле Кеңештин башка мүчөлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн белгилеп жатат. Чалабинин үйүнө жана кеңсесине кечээ тинтүү жасалды. Ал эми Йордан өкмөтү Чалаби 1989-жылы Йордан банкынан милиондогон доллларды алган деген доомат коюлганын эскертти. Вашингтон буга чейин Чалабини эң жакын өнөктөшүм деп эсептеп келген.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Сарыгулова, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG